Ж. Жолдошева С. Жапаровго: Өкмөттүн азыркы курамы “алсыз”. Мындай курам менен, алыска бара албайбыз!

    Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева өкмөттүн азыркы курамы алсыз экендигин айтып, мындай курам менен алыска бара албай тургандыгын билдирип сунуш берди.

“Экономикалык абал, республикабызда өтө оор…албетте бул көрүнүш эгемендүүлүккө ээ болгондон бери келе жатат ( жумушсуздук, тамак аштын кымбатташы, айлык акынын аздыгы, тышкы карыз ж.б.) Экономикалык кризистен чыгыш үчүн, тез аранын ичинде  Президенттин Аппараты “экономика боюнча антикризистик кеңеш” (экономический антикризисный совет)-түзүүсү зарыл.

Өлкөбүздө профессионалдуу финансист, экономист, салыкчы, таможня тармагында, бизнесмендер ж.б. багытта кызмат өтөгөн инсандардан турган. Антпесек КР Өкмөтүнүн азыркы курамы “алсыз”. Мындай курам менен, алыска бара албайбыз. Убакыт тар…

Ал эми, мамлекетибизде стабилдүүлүк болсун десек, анда Президентибиз С. Жапаров, таза,  республикабыз, элибиз үчүн чындап күйгөн  саясатчылардын башын бириктирип, саясий абал жөнүндө ачык, түз эфир аркылуу талкууларды Өзү баш болуп уюштуруусу зарыл. О.э. элдин үнүн, түз эфир аркылуу укканы туура болотко… ” серый кардиналдардын” сөзүн уккандан көрө. Антпесек, ички, тышкы күчтөр “кыймылга” келе башташты…”-дейт Жолдошева.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *