Жаңгактын дарылык касиети

Мезгил

Эң пайдалуу азыктардын бири- жаңгак. Анын данегинен баштап сыртына чейин пайдалуу. Эмесе анын адамдын ден соолугуна тийгизген оң жана терс жактарын карап көрөлү.

Жаңгактын курамында омега 6 омега 3 майына, С, В1, В2, РР витаминдерине бай. Булардан тышкары амин кислоталарынын топтомдору да бар.  Окумуштуулар грек жаңгагын жана андан алынган май атеросклероз, авитаминоз, темирдин жетишсиз болгондо жана жүрөк булчуңдарын, боор жана ашказан ооруларын алдын аларын далилдешкен. Ошондой эле, эс тутумдун бекемдеп, кандагы холестеринди азайтып , стресстен арылтат.

Андагы антиоксиданттар болсо, организмдин картаюсун алдын алат жана онкологиялык оорулардан коргойт.

Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар  күнүгө жеп турушса, өзүнүн да баласынын дагы имуниттети  көтөрүлөт.

Жаңгактын майы

 

Жаңгактын майы кошулуп жасалган күндөн коргочу SPF креми, скрабтар кургак, сезимтал беттерди жумшартып жылмакай кылат. Ал эми заманбап жана элдик медицинада коньюнктивит (көз оору), тери жаракатында жана эмчектин үрпү кесилгенде сыйпоо үчүн колдонулат. Отитте (кулак оору) кулакка тамызылат. Ошондой эле элдер күйгөн жерлерге, жараларга жана ичеги ашказан ооруларын айыктыруу үчүн колдонуп келишет. 

Кимдерге колдонууга болбойт?

Псориаз, экзема, нейродермит, бөрү жатыш ооруларынан жапа чеккендерге, аллергиясы барларга колдонууга болбойт. Гастрит оорусунун курчуп турган кезинде пайдаланууга тыюу салынат. Анткени жаңгак аталган ооруларды күчөтүп жиберет.

Эсиңизде болсун! Ден соолугу чың адам дагы жаңгакты өтө көп жегенге болбойт. Эски жаңгакты да колдонууга болбойт. Себеби ичинен уулу заттарды бөлүп чыгарып адамдын ден соолугуна терс таасирин бериши ыктымал.

Бел кубатты бекемдейт

Ал үчүн 100 грамм жаңгак менен бир аш кашык балды аралаштырып аны күнүгө уктаарга үч-төрт саат калганда бир кашык жеп туруу керек. Натыйжасы бир канча күндөн кийин байкала баштайт.

Тишти агартат

Көк жаңгактын сыртындагы калың кабык менен тишти сүртсө, тиш аппак болуп ооз ичиндеги жагымсыз жыттар да кетет.

Сөөлдөн арылуу

Жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатып алат. Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Жыйынтыгында сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.
Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *