Жаңы акция: Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарга айып пулсуз күбөлүк берилет

Мезгил

Кыргызстанда 1 миң 200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

Маалыматка караганда, Бузуулар тууралуу кодексте “Баланын туулгандыгын каттоо мөөнөтүн бузуу” беренеси менен айып пулдун көлөмү 1 мин сомду түзөт. Тактап айтканда убагында балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албагандар 1 миң сом айып пул төлөшөт.

Буга ылайын өкмөт ушул жылдын 31-декабрына чейин калкты документтештирүү боюнча улуттук кампания өткөрмөкчү. Мындан улам балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, айып пулсуз берилет.

Ошондо өкмөт балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала электерге акция жүргүзөбү? Мындан улам өкмөт төлөнбөгөн айып пулдарга жеңилдетүүнү киргизүү менен күндө жаңы акцияларды ойлоп табышууда.

Эске салсак, кечээ жол эрежелери боюнча айып пулдарды жеңилдеткен.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *