Жаңы үлгүдөгү техпаспорт колдонууга киргизилди

 Мезгил

Жаңы үлгүдөгү транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк колдонууга киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-июлдан тарта  Мамкаттоо кызматы автоунаанын жаңы үлгүдөгү күбөлүгүн бере баштаган. Техпаспорттун колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт.

Быйылкы жылдын 26-июлунан тартып жаңы үлгүдөгү күбөлүк катталган жана кайра катталган транспорт каражаттарына берилет, ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт.

Ошол эле учурда 2019-жылдын 10-июнунан тартып убактылуу берилген транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу керек, алмаштыруу учурунда 192 сом төлөнөт, бул жаңы үлгүдөгү күбөлүк баасы. Жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүк жакшыртылган дизайн, жыйырмадан ашык күчөтүлгөн коргоо элементтери менен киргизилип, сапатын жогорулатуу жана коргоо элементтерин күчөтүү менен бирге эле жаңы келишимдин негизинде күбөлүктүн баасы улуттук валюта менен бекитилип 192 сомду түзгөн.  Бул мурдагыдан төрт эсе арзан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *