Жаңы муфтий 5-апрелде шайланат

   Мезгил

Кыргызстандын жаңы муфтийи 5-апрелде шайланат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чечимди Аалымдар кеңеши кезектеги протоколдук жыйында кабыл алды.

Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматына талапкерлерден арыздар 17-февралда кабыл алынып баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле кечээ экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.

Учурда муфтийдин милдетин  убактылуу Жоробай Шаргазыев аткарууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *