Жай мезгилинде жүзүңүзгө мөмө-жемиштерден жасалган маскалар таасирдүү

Мезгил

Жайдын аптаптуу ысыгында жүзүбүз кызарып, ысып турган кезде муздак сууга бетти жууй бербестен, ар кандай маскаларды колдонуу жакшы натыйжа берет. Бул учурда мөмө-жемиштин баары бышып, витаминдер жетишип турган мезгил. Андыктан, жай мезгилинде бетке мөмө-жемиштерден жасалган маскалар таасирдүү. Кандай гана жемиштин түрү болбосун ширесин жүзүңүзгө сүртүү жакшы натыйжа берет. Ошондой эле жайкысын эң негизгиси күн нурунан коргоочу бет майды дайым колдонуубуз зарыл.

Алма жана сабиз маскасы

Жайкы аптаптан коргонуу үчүн бетке ар кандай маска колдонуп туруу керек. Эгер бетиңизди агартып жашаргыңыз келсе, алманы азыраак сүткө бышырып бетиңизге жылуулай жабасыз да 20 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп коёсуз. Ал эми сабиз маска бырышып бараткан бетке жакшы. Аны сүргүчтөн өткөрүп аласыз да бетке тегиз жаап, жарым сааттай койгондон кийин жылымык сууга жууйсуз да артынан муздак суу менен чайкап коёсуз. Териңиздин кургак же майлуулгуна жараша бет май колдонуңуз.

Бал менен жумуртка

Жумуртканын сарысына 1 чай кашык бал кошуп аралаштырабыз да бетке сыйпап, 15-20 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен жууйбуз. Бул бырыш кире баштаган бетке, же бырышты алдына алууга колдонулуучу маска.  Ал эми кургак бетке арналган маска жумуртканын сарысына 1 аш кашык бал же 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштырып, сүйкөө да жакшы жардам берет. Бул масканы жумасына 3 жолу жасоо менен бырышты алдына аласыз.

Капуста маскасы

Жаңы капустаны майда туурап, сүткө салып көпкө чейин кайнатыш керек. Боткодой болуп эзилгенде оттон чыгарып муздагандан кийин бетке, моюнга жабабыз 20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууйбуз. Ал эми кышында бир чай кашык майонезге эки кашык каймак, бир кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып бетке сүйкөө керек. Бул маска бырыш түшүүдөн сактап, терини витамин менен камсыздайт.

Бадыраң менен жумуртка маскасы

Бетти агартуу жана нымдуулугун калыбына келтирүү үчүн бадыраңдан жасалган масканы колдонсоңуз болот. Ал үчүн 1 даана бадыраңды кабыгы менен туурагычтан өткөрөсүз да, ага 1 жумуртканын агын кошуп аралаштырасыз. Бетиңизге 15 мүнөткө чейин кебездин жардамы менен жапкандан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *