Мезгил
Жайкы дөңгөлөкчөн жана чынжыры жок чыгып алган айдоочулар тоолуу трассалардан өткөрүлбөйт. Бул тууралуу унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек – Ош трассасынын “Сосновка” постунда жана “Кара-Көл”, “Чычкан” бекеттеринде 1- ноябрдан тартып күнү-түнкү нөөмөттөр уюштурулду.
Куткаруучулар, жол инспекторлор жана медиктер бригадасы унаа кыймылына жана айдоочулардын ден-соолугуна көзөмөл жүргүзүүдө.
Жүк ташуучу унаалардын дөнгөлөктөрү жайкы болсо жана чынжырлар тагылбаса, алар ашуулардан кое берилбейт.
Мындай чара унаа тыгындарын азайтуу жана кырсыктарды алдын алууга багытталган.
Булак: Мезгил Ньюс