Жакында көрүшкөнчө! Бабановдун куттуктоосу көп суроону жаратты

 Мезгил

Учурда чет жакта жүргөн «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе турганы таризде куттуктоосунда айтты. Ал бул тууралуу интернеттеги баракчасы аркылуу билдирди.         

 «Урматтуу Кыргызстандыктар, жаңылануу менен тынчтыктын символу болгон Нооруз майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул биримдиктин жана өнүгүүнүн күнү десем да болот. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, акыйкаттык менен өзгөрүүлөр коштосун! Ар бир үйгө бакыт консун! Майрамыбыз кут болсун! Жакында көрүшкөнчө», — дейт ал.

Ал эми  аталган париянын депутаттары Бабановду жакынкы  арада Кыргызстанга келээрин билдиришти.  

 Эске салсак,  буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *