Жалал-Абадда бала бакчадагы балага кол көтөргөн тарбиячы үй камагына чыгарылды

Мезгил

Жалал-Абадда балага кол көтөргөн тарбиячы үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу   облустук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, тарбиячы аялдын иши сотто каралып, аны үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынды.

Эске салсак, 21-ноябрда интернетте тараган видеодо бала бакчада наристелердин жай кийинип жатканына ачууланган тарбиячыны көрсө болот. Ал балдарга катуу кыйкырып, бирөөсүн башка чапкылаган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *