Мезгил
Жалал-Абадда Нооруз майрамына карата 20-март күнү алгачкы жолу сүмөлөк фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Курманбек стадионунда 40 казан асылып, сүмөлөк кайнатылат. Жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленген бул саамалык бир катар оюн-зооктор менен коштолот жана жеңүүчүлөргө байгелүү орундар менен катар номинациялар ыйгарылат.
Учурда иш-чаранын сценарийи түзүлүп, уюштуруу тобу тарабынан талкууланууда.
Кошумчалай кетсек, бул жылы жергиликтүү бюджеттен Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.