Жалал-Абаддагы бала бакчада балдарды башка чапкан тарбиячыга карата териштирүү башталды

Мезгил

Жалал-Абаддагы бала бакчада бөбөктөрдү уруп жаткан тарбия берүүчүгө карата териштирүү башталды.  Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 Маалым болгондой, тарбиячы 29 жаштагы келин болгон. Учурда анын аты-жөнү такталды.

Балдардын биринин энеси милицияга кайрылып, “ден-соолукка зыян келтирүү” үчүн даттанган. 

Эске салсак, социалдык тармакта таркатылган видеодо тарбия берүүчү жай кийинип жаткан балдарга кыйкырып, аларды башка  чапкан.

 Бул коомчулукта  каттуу сынга алынган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *