Жамангулов: Мамлекеттик деӊгээлдеги бирин-экин ири иш-чараны бекитип, калганына 5 жылга чейин мораторий жарыялайлы

Мезгил

Мына жакында эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрдүк, алдыда залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин белгилегени турабыз, албетте, бул жакшы нерсе. Тилекке каршы, анчалык мааниге ээ болбосо деле мамлекеттик деӊгээлде өткөрүлүп жаткан той-аштар ашкере көбөйүп кетти, турмушубуздун акыбалын өзүӊүздөр көрүп турасыздар. Ошондуктан, андай иш-чараларга убактылуу мораторий жарыяланса жакшы болор эле. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Менимче, маанилүү иш-чараларга таптакыр эле тыюу салуу жарабайт. Өлкөнүн келечегин ойлосок, мамлекеттик деӊгээлдеги бирин-экин ири иш-чараны бекитип берели да, калганына жок дегенде 5 жылга чейин мораторий жарыялайлы. Өкмөт бул маселени иликтеп чыгып, өз сунушун бериши керек», – дейт эл өкүлү.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *