Жамшитбек Калилов президенттин бетин кантип карайт?

Мезгил

Жамшитбек Калиловдун Транспорт жана жолдор министрлигинин креслосунан кол жууганына бир жыл боло элек. Тагыраагы анын орун басары Азимкан Жусубалиев «520 миң доллар» ири суммадагы пара талап кылган деп, анын 50 миң долларын алып жаткан кезинде кармалган. Министрдин орун басарынын соту болуп, 14 жыл абакка кесилген. Ал эми Жамшитбек Калилов болсо 2018-жылы 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун «Орун басары ири суммадагы пара алып жатса, министрдин ордунда иштеп жаткандыгы кандай?» деген сынына кабылып, кийин уялганынан арызын жазып коюп жумуштан кеткен.

Жакында Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» ишканасынын «Темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын» башчысы болуп дайындалды. Анын кызматына «Кытай-кыргыз-өзбек» темир жол долбоорун ишке ашыруу кирет.

Мурдагы министр орун басарынын пара алуусуна моралдык да, башка да жагынан тиешеси жок экендиги толук далилдендиби? Бул кишинин өлкө үчүн маанилүү болгон, келечекте ишке аша турган, миллиондогон доллар сумманы камтый турган долбоорго аралашуусуна кимдер кызыкдар болду? Кызмат ордуна барууга кимдер жардам берди? Деги эле президенттин сынынан кийин ал кишинин бетин карагандан уялбас бекен?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *