Жанар Акаев: Шаар кеңештеги башка партиялар, эмне үчүн татыктуу талапкер алып чыккандан коркосуңар?

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты катары, Бишкек шаардык кеңешиндеги шаар кесиптештериме кайрылам, көпөстөрдү колдоодон баш тартыңыздар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлүнүн көз карашында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары эл тарабынан шайлангандан кийин, элдин пикири менен эсептешиши керек.

-Бул эмне деген кадр саясаты? Өлкөбүздүн борборун качанкыга чейин бай-манап, көпөстөр башкарат? Стратегиялык мааниге ээ жерге мыйзам бузуу менен паркты бузуп, курулуш иштерин жүргүзгөн Азиз Суракматов Бишкекке кантип жан дили менен күйөт? Коомчулук билбегени менен бул адам Бакиевдердин жакын санаалашы экенин билебиз го. Шаар кеңешке шайланган башка партиялар, эмне үчүн татыктуу талапкер алып чыккандан мынча коркосуңар? –деп билдирет Жанар Акаев

Депутат, Бишкек шаарынын башчылыгына  курулуш магнаты эмес, иштерман жана коомдук пикир жакшы болгон бирөөнү сунуштап алып чыкса деп өкмөт башчыга да кайрылган.

-Шайлоочуларыңардын үнүн укпайсыңарбы? Урматтуу өкмөт башчы Абылгазиев мырза, талапкер сунуштоо укугу Сизде да бар, жок дегенде Бишкекке курулуш магнаты эмес, иштерман жана коомдук пикир жакшы болгон бирөөнү сунуштаңыз,-деди Жанар Акаев

Кечээ, 27-июль күнү Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандаган. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары, жалпысынан 33 депутат кирет. 

Айбек Бусурманкулов: “Анан ушул коррупционер кантип Бишкек шаарын өнүктүрөт?” Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы борбор калаанын башчылыгына талапкерлерди катташ үчүн документтерди кабыл ала баштады. Талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар жана өлкөнүн премьер-министри укуктуу.

БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген. 

Эске салсак,  13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал жемкорлук боюнча айыпталып 19-июлда кармалган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *