Жанар Акаев: Силер президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар

   Мезгил

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында тартип комиссиясынын жетекчисин “силер президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар” деп сындады.

-Сот тармагына каражат былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 35 пайызга көп бөлүнгөндүгүн президент айтты. Бул жерде тартип комиссиясынын жетекчиси отурат бирок эл сот тармагында адилеттүүлүк орноп баштагынын сезе элек. Өлкө башчы  саясий эркти, акчаны беребиз деди. Бирок сот тармагында жылыш жок. Бир эле мисал айтайын тартип комиссиянын төрайымы сиз отурасыз президент Коопсуздук кеңешинде абдан таң калып айтты. Бул Алмаматов дегенди кантип бошотуп жибердиңер, ошондой соттор бизде кантип иштеп жүрөт деп айтып жатат. Силер президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар. Ошол сотторго сөгүш берип коюптурсуңар. Бул деген сөз мындан ары коррупция менен күрөшкө соттор тарабынан саботаждар улана берет деген сөз-дейт депутат.

Белгилей кетсек,  Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Насирбек Алмаматовду бошотуп жиберишкендери  боюнча сот органдарын сындаган. 

Эске салсак,  Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту  былтыр 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *