Жанар Акаев Токон Мамытов акыйкатчы болсо, элдин нааразычылыгы жаралаарын эскертти

Мезгил. 

Элдин кыжырына тийген талапкерлер  катары депутат Жанар Акаев Токон Мамытовдун ысымын атады.

“Токон Мамытов – жакшы адам, ага талаш жок. Аксакал куракка жетти. Бирок, Акыйкатчы институтун башкарууга ылайык келбейт”, – деди Жанар Акаев.

Айтымында, учурдагы талапкерлердин арасында аталган кызмат орунуна татыктуулар да бар. Эгер бүгүн добуш берүү Токон Мамытовдун пайдасына чечилсе, эл өкүлдөрү элдин каарына дагы калат.

Экс-вице-премьер-министрдин акыйкатчы болууга умтулуусу бир гана Жанар Акаевдин эмес, дагы бир депутат Бахадыр Сулаймановдун да көңүлүнө туура келбеди.

Ал бир убактарда генерал өзүнө карата башка өлкөнүн жарандыгын алган деп маалымат таратып, бирок, далилдеп бере албай калганын эске салды.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

 

  Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *