Жантөрө Сатыбалдиев сот отурумун өткөрүү үчүн тийешелүү шарттар түзүлбөгөнүнө нааразы

Мезгил

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча сот отуруму өтүп жатат. Анда судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүнкү процессте мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сот отурумун өткөрүү үчүн тийешелүү шарттар түзүлбөгөнүнө нааразычылыгын билдирди.

-Сот отуруму өтүп жаткан зал тар. Ошондой эле ичи ысык. Буга чейин мындан кененирээк бөлмө берилери айтылган болчу. Бирок, отурум дагы эле талапка жооп бербеген тар залда өтүп жатат деди Сатыбалдиев.

Ал эми төрагалык кылуучу Гилязетдинова мурдагы өкмөт башчыга бул нерсе андан көз каранды эместигин айтып, башка залдарды оңдоп-түзөп, процесске даярдоо керек деп жооп берди.

ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча каралып жаткан иш Свердлов райондук сотунун чакан залында өтүп жатат. Желдеткичтер иштебегендиктен жайдын аптабынан залдын ичи үп болуп турат.

Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жараянда регламентти сактап, улам тыныгуу болуп турса деген өтүнүч киргизген. Ал убактылуу камалып турган жай да ысык болуп жатканын кошумчалаган. Буга жооп берген мамлекеттик айыптоочулар кайталанма суроолорду азайтууну сунуш кылышты.

Эске салсак, мурунку  сот отурумунда Бишкек ЖЭБун модернизациялоодо коррупциялык иштерге тиешеси бар жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп айтыпталып жаткан мурунку Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өзүн сот процессине колуна кишен салышып алып келгенине нараазычылыгын билдирген эле.

 – Бизди сот отурумуна кылмышкер катары колубузга кишен салып  алып киришти. Бутубузга да кишен салгыла. Жаңылоо жобосун эч ким бузган жок. Биз эч жакка качкан жокпуз.  Кытай тарап сотко катышкан жок. Мен суроо бербейм дагы жооп бербейм. Мага скотч бергиле оозумду байлап алайын. Бийлик гумандаштыруу боюнча айтпай эле койсун – деген Сатыбалдиев.

Мында жооп катары судья тартип баарына бирдей экенин айткан.

Эске салсак,  “Бишкек ЖЭБун модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана үй камагында. Калган мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2018- жылдын июнь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жатышат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *