Мезгил
21-кылымда эч бир маалыматты жашыруу мүмкүн эмес. Көпчүлүккө келген таажы ылаңы экс-президент Курманбек Бакиевдин айтылуу иниси Жаныш Салиевичтен да кыйгап өтпөй, дүйнөнү каптаган ылаң менен жабыркап ооруканага жатып дарыланып чыккан.
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак Жаныш Бакиевди ылаңдын эн коркунучтуу түрү эмес, жеңил түрү бушайманга салган. Учурда анын үй-бүлөсү жана Курманбек Салиевичтин ден соолуктары жакшы. Жаныш Салиевич азыр ооруканадан чыгып өз үйүндө. Эмне дейбиз, сакайып кетсин!
Эске салсак, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев 2010-жылдын апрель окуяларынан соң ѳлкѳдѳн чыгып кеткен. Ал үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Белоруссиянын борбору Минск шаарында жашайт.
Мезгил Ньюс