Жапаров Ат-Башыга логистикалык борбор курууну колдойт жана койлорго паспорт берүү тууралуу айтты

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Ат-Башыга курулуучу логистикалык борбор тууралуу оюн билдирип, муну колдой турганыдыгын  айтты.

Ал бул туурасында  басма сөз каражаттарынын бирине маек берип жатып билдирди. 

— Эч кандай жер эч кимге берилген жок. Жер Кыргызстандыкы бойдон калууда. Кыргыстанда катталган ЖЧК “Нарын эркин экономикалык аймагынын” 200 гектар жерин 49 жылга ижарага алууда. Товарлардын баары Кытайдан ошол аймакка төлөмү, салыгы жок келет. Чыгып жатканда салык төлөнөт. Бул ыкма бүт дүйнө жүзү боюнча колдонулат. Мисалы, Беларуста 1,5 гектар жерди арендага беришти.   Мен эмне үчүн “койго да паспорт берели” деп жатам? Конок келип бир сүйүнтөт, анан кетип бир сүйүнтөт. Биз конокторубузду көрүп турушубуз керек. Ушундай ачык-айкындуулук болсо, өлкөгө канча инвестиция келип жатат, ал инвестициянын аркасында ким турат, ошол инвестициядан канча жумушчу орун түзүлдү, канчасы биздин жарандар – баарын билүүгө болот- дейт депутат.

Муну менен катар эле эл өкүлүлү кыргыз өкмөтү деле дароо эле жерди 49 жылга берип койбостугун кошумчалады.

 Кыргыз өкмөтү деле дароо эле 49 жылга берип койбойт. Беш жыл сайын отчетун алып турабыз. Биз дагы конкреттүү шарттарды коюп беришибиз керек. “Отходдору каякка кетет?” деп эл да туура маселе коюп атат. 280 млн. доллар менен келсе, эмне деген технологиялар келет? “Кытайдын эски техникасы эмес, европалык стандартка, экологиялык талаптарга жооп берген техникалары келсин” деген да бир чети туура. Жылына бир жолу ошол жерде жашагандар кирип, кимдер иштеп, кантип иштеп жатышканын көрүп турушса жакшы. Ачык-айкындуулук болсо, инвесторлор келет- дейт Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Ат-Башыга логистикалык борбор куруу боюнча коомчулукта нааразычылыктар жаралган. Ал эми кечээ, премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол койгон добоор экендигин айткан.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *