Жарандардын уюлдук телефондору автоматтык түрдө акысыз катталат

Мезгил

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жарандардын колдогу уюлдук телефондору каттоого автоматтык түрдө акысыз алынат.

 Маалым болгондой,  адамдар колдонуп жүргөн смартфондорунун IMEI-коддорун каттатыш үчүн эч жакка барбайт, бул процедура автоматтык түрдө аткарылат.

100 сомдук каттоо чет мамлекеттерден телефондорду ташыган ишкерлерге жана физикалык жактарга тиешелүү болот.

Белгилей кетсек, буга чейин уюлдук телефондорду каттоого алына турган 100  сом коомчулукта түрдүү пикир жараткан.

Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *