Мезгил
Жазгы-талаа иштерине күйүүчү майга арзандатуулар берилет. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Айыл чарба министрлиги менен макулдашууга ылайык, дыйкандарга салттуу түрдө жеңилдик берилип, быйыл анын көлөмү литрине 40 тыйынды түзөт.
Жалпысынан ушул жылга фермерлерге 100 миң тоннага чукул дизель жана 25 миң тонна бензин керек.
Күйүүчү майды жеткирүүдө көйгөй жок.