Жеңишбек Жумакадыр: Ал жалгыз Жүрсүн Эрмандын адамдык даражасы. Эки элдин достук, ынтымагы баары жайында

    Мезгил

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Казакстанда өткөн айтышта айтыштын уюштуруучусу Эрман Жүрсүндүн төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга “300 миң теңге кыргыздар үчүн көп акча” дегени боюнча интернеттеги баракчасы аркылуу катыра жооп кайтарып бул коомчулукта катуу талкуу жаратты.

Эрман Жүрсүндүн бул кылыгына интернет колдонуучулар тиш кайрашып, ал тургай казакстандык туугандар да кыргыздардын таарынычын колдоого алышкан.  Ал эми бул тууралуу төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр эмне дейт? Акынга байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык.

 “Ал жалгыз Жүрсүн Эрмандын адамдык даражасы. Мурда Азаматка да айткан. Ал экинчи жолу ошентип айтты. Мен кулагына “болбогон акча” дедим. Эки элде, эки элдин акындарында кеп жок, достук ынтымак баары жайында” деди ал.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *