ЖЭБти модернизациялоо боюнча сот отурумуна Феликс Кулов суракка чакырылды

Мезгил

Бүгүн, Бишкекте Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өттү.

Сот отурумуна  Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Феликс Кулов күбө катары чакырылып сурак берди.

 Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселеси көтөрүлгөндө ал парламентте депутат болгонун жана алгач долбоор 150 млн. долларга бааланганын жана биринчилерден болуп СМЕС компаниясы кайрылып, кийин ТВЕА келгенин айтты.

Анын айтуусу боюнча, 100 мВт болжол менен 1,5-2 млн. доллар болушу мүмкүн, ошол себептен 150 млн. долларды алар оптималдуу баа деп эсептешкен.

“Кийин биз 386 млн. долларды укканда, биз адегенде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) түзүү керек деп ойлодук. Ал арзан эмес. Биз долбоордун так баасы ратификациядан кийин белгиленет деп ойлодук. Бааны түшүрүү – бул кадимкидей эле көрүнүш, жумушчу талкуу, ошол себептен мен ал аткарылышы керек деп ойлодум”, – деди Кулов.

Эске салсак, “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *