Жээнбеков-Атамбаев тиреши: Атамбаевдин  кол тийбестикке таянып «эч нерсеге жооп бербейм» дегени туурабы?

Мезгил

Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамга ылайык экс-президенттерге бир топ мамлекеттик камкордуктар каралган. Бул камкордуктар учурда күчүндө жана мыйзам боюнча төмөндөгүдөй артыкчылыктар каралган: «Экс-президент өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Өзү, жубайы жана анын багуусундагы жашы жетпеген балдары медициналык кызматтарды бекер пайдалана алат. Мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Пенсияга чейин акчалай колдоо, кийин пенсия чегерилет. Анын көлөмү учурда иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайызын түзөт. Экс-президент Кыргызстандын ичинде өкмөттүн кармагындагы бардык байланыш каражаттарынын түрлөрүн акысыз жана каалаган учурунда пайдалана алат».

Экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда бул артыкчылыктар токтотулат. Ошондой эле учурда мамлекеттик кайтаруу кызматы эч кандай алынбаганын, керек болсо коопсуздук кызматын кошуп берерин УКМКнын расмий өкүлү  билдирген.  

Ал эми учурдагы саясий кырдаалга көпчүлук элдин талкуусу күндөн-күнгө күч алууда. “Эки дөө мушташса ортосунда кара чымын өлөт” деп карапайым калк кабатырланып турган кези. Ал эми көпчүлүктүн көңүл борборунда турган бул кырдаал боюнча саясий серепчи Марс Сариевдин кырдаал коркунучтуу, бир пикирге келип, биригиши керек деген оюн билдирди.

Марс Сариев: – Экс президент А. Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча айтсам кырдаал аябай татаал. Эгерде кырдаал ушундай болуп Атамбаевге карата чечим татаалдаша берсе, кырдаал мындан да курчушу мүмкүн. Кой-Таштагы Атамбаевдин тарапташтары менен Жээнбековдун резиденциясындагы элдер барган сайын чогула берет. Айрыкча тундук-туштуктун эли чогулуп натыйжада Жээнбековдун бийлиги алсырашы мумкүн. Атамбаев өз сөзүндө “сотко чакыруу келип, кармап кетишсе да, мен сотко барбайм” деп айтканы бар. Эгер Жээнбековдун бийлиги бул ишин токтотпосо 2005-2010-жылдагыдай революция болуп кан төгүлүшү мүмкүн. Ошондуктан азыркы кырдаалды токтотпосок коңшу өлкөлөрүбүз Россия, Казакстан жана башка мамлекеттин элдерине уят болобуз. Кырдаал коркунучту, биригиши керек – деди Сариев.

Ал эми Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаты Атамбаевдин мыйзамга каршы иштерди жазап жатканын жана коррупциялык иштерге аралашкандыгы чындык экенин айтышууда. Жогорку Кеңеш 27-июнда жалпы жыйынында Атамбаевдин кол тийбестигин алып, экс-президент макамынан ажыратышкан. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова да мыйзам чегинде деп эсептейт.

-Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу мыйзам чегинде болду. Себеби, ТЭЦти жаңылоо боюнча коррупцияга аралашкан факт бар. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан бери мындай чоң суммадагы коррупция болгон эмес. ТЭЦ боюнча 111 млн доллар коррупциялык жол менен жок болгон деп жыйынтык чыгарып беришкен. Бирок, жеке пикиримде бул суммадан дагы көп болушу мүмкүн. Анткени, Бакиевдин убагында модернизациялоону 200 млн сомго баалашкан. Демек мамлекетке келтирилген зыян 111 млн эмес, 170 млндон көп болушу мүмкүн. Ошондуктан, бийликтин эң биринчи максаты өч алуу эмес, ири көлөмдөгү коррупционерлердин жазасын берүү. Бул акчаларды элге кайтарып берүү башкы максат – деди  Махабат Мавлянова.

Бул кырдаалга депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алып, аны жөнөкөй жарандар менен бирдей укуктуу кылып койгонун, калган ишти күч органдары жүргүзүшү керектигин белгиледи.

-Жогорку Кеңеш тергөө органдарына мүмкүнчүлүк берди. Эми алар болгон ишти иликтеп чыгат. Менин пикиримде экс-президент кол тийбестикке таянып «эч нерсеге жооп бербейм» дегени туура эмес. Эми экс-президент суракка барып көрсөтмө берип, жооп бериш керек. Иштин аягына сот гана чекит коёт-деди Исхак Масалиев

Эске салсак: Алмазбек Атамбаевге «Кой-Таштагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, «мыйзамсыз баюу», ТЭЦти жаңылоодо коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген беш доомат коюлуп жатат.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *