Мезгил
Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ 24-сентября Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.
Өз сөзүндө Гутерриш Кыргызстан аймакта маанилүү роль ойногон, демократия гүлдөгөн өлкө экенин белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан БУУ менен кызматташтыкка чоң маани берерин айтып, уюмдун жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ыраазылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Ага 82 мамлекеттин башчысы жана 42 өлкөнүн премьер-министри катышууда.
Булак: Мезгил Ньюс