Жээнбеков Эфиопиянын президентине көңүл айтты

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көптөгөнадамдар курман болгондугуна байланыштуу Эфиопиянын Президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көп сандагы адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун бир туугандарын жана жакындарын сабырдуулукка чакырам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *