Мезгил
Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда: “Элибиз ички иштер органдарынын ишине кунт коюу менен көңүл буруп, алардан коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу натыйжаларды күтүүдө.
Сиздерге биздин жарандардын ден-соолугу, өмүрү, абийири, ар-намысы жана менчиги үчүн зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Милиция кызматкери — мамлекеттик бийликтин өкүлү. Андыктан ал адамдардын көз алдында алардын ар биринин ишенимдүү жардамчысы жана коргоочусу болууга тийиш.
Майрам күнү өмүрүнүн күлгүн кезин милицияга арнап, узак жылдар бою Ата-Мекенге кызмат кылгандарга — милиция ардагерлерине — чын дилимден чыккан ыраазылык билдирем” деп жазылган.
Булак: Мезгил Ньюс