Жээнбеков Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне туурасында сөз болду?

 Мезгил

Кечээ,  11-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын  президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти.

Телефондук сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган үстүбүздөгү жылы Түркияда боло турган   Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча даярдык маселелерин талкуулашты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *