Жээнбеков Эрдоганга кар көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез айыгып кетүүнү каалады.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *