Жээнбеков: Коррупционерлерди камоо жолу менен гана корупцияны жоё албайбыз

Мезгил

Бүгүн Жогорку кеңештин жыйныныда президент Сооронбай Жээнбеков  коррупционерлерди камоо жолу менен гана корупцияны жоё албайбыз деди. 

-Албетте, коррупционерлерди камоо жолу менен гана корупцияны жоё албайбыз. Коррупцияны алдын алуу максатында өлкөнү туташ санариптештирүү, экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу жолдорун колго алып жатабыз. Санариптештирүү саясатынын жыйынтыгы катары, учурда жарандарыбызга 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис электрондук форматта жеткиликтүү болду.

 Негизги максат — мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жарандарыбызга ыңгайлуулук жаратуу жана адам факторун жокко чыгаруу. Калктын аяр катмарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бардык багыттар боюнча санариптештирүү иши уланууда.

 Натыйжада, жөлөкпулдарды төлөөдө ашыкча бюрократия жокко чыгарылып, социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жолдонуп жаткан бюджеттик каражаттар үнөмдөлүүдө-деди президент.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *