Мезгил
Президент Сооронбай Жээнбековдун Россияга болгон эки күндүк иш сапары бүгүн, 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.
Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эки күндүк иш сапары менен Москвага учуп кеткен.
Мезгил ньюс