Жээнбеков: Мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган

Мезгил

Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле сот катачылыктары, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешүүдө. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан судьялардын XI курултайында билдирди.

-Мен силердин баарыӊарды жаман дегенден алысмын, бирок «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, силердин катарыңарда «сот» деген ардактуу наамды алып жүргөнгө татыктуу эмес кызматкерлер аз эмес. Аларга коомчулук, жарандар нааразы. Мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга барып жатканы, албетте, өкүнүчтүү-деди Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешерин кошумчалады.

-Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан. Мындан сырткары, кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген.

Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген. Кийин, прокуратуранын каршы сунушунун негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда. Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат –деди өлкө башчысы

Улут кызыкчылыгына каршы иштеген соттор

Сооронбай Жээнбеков мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтарганын билдирди.

-Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган. Муну кандай түшүнсө болот?

Баңгилик – бул бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө калкынын көйгөйү. Баңги зат менен байланышкан кылмыштар – булар оор кылмыштар. Улуттун саламаттыгына, келечегине чоң коркунуч жараткан кылмыштар. Ошондуктан, жогорудагыдай чечимди кабыл алган соттор булар улут кызыкчылыгына каршы деп бааласак болот.

Дагы бир кейиштүү нерсе – биздин соттордо көптөгөн иштер узак мезгил бою, кээ бир учурларда жылдар бою каралаары баарыбызга белгилүү. Менин дарегиме иштердин кароо мөөнөтүн создуктуруу жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Судьялар соттук талаш-тартыштарды кароону создуктуруу менен ашыкча бюрократияга жана соттук кыңыр иштерге өздөрү жол берүүдө-деди Жээнбеков.

8 жылдан создугуп  келе жаткан соттук иш

Өлкө башчысы  2018-жылдын декабрь айында болуп өткөн соттук реформа боюнча кеңештин 2-жыйналышында да сот процесстеринин жүйөөсүз созулушу жөнүндө соттук иштерди айтып келгенин баса белгилеп, ага  кайрылган бир жарандын катардагы иши 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп келгенин айтты. Бул иш Жогорку сот тарабынан 4 ирет каралып, негизинен чечим чыкпай, улам кайра кароого жөнөтүлө берген.

-2011-жылы козголгон жазык иш бүгүнкү күнгө чейин Жогорку сот тарабынан бул иш боюнча жергиликтүү соттордун кабыл алган чечимдери эки жолу жокко чыгарылып, ал жаңы кароого жөнөтүлгөн.

Бирок азыркы күндө ал иш боюнча акыркы чечим чыга элек. Аталган иш кайра эле Жогорку сотто каралышы толук мүмкүн. Жогорку сот ишти ушинтип кайра кайра карай берген учурлар абдан көп.

Бул жерде адам тагдыры болуп жаткан соң, чечим кабыл алынышы керек деп эсептейм. Келечекте Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигине жергиликтүү соттордой эле иштерди карабастан, өзүнүн негизги вазыйпасы катары соттук тажрыйбаны жалпылоо жана Пленумдун ишин күчөтүү деп тааныш керек-деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келгенин кошумчалады.

-2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. 10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук берилген. Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек. Заман, мезгил өзгөргөн. Муну, урматтуу сот бийлигинин өкүлдөрү, терең түшүнүшүңөр керек –деди Сооронбай Жээнбеков

Судьяларды тандоо кеңеши калпыстыкка жол берүүдөбү?

Бизде коом ачык. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» десек, азыр кыңыр иш бир заматта билинет. Экинчи, сот системасында кадр саясаты азырынча жакшы жолго коюла элек. Кадрдык потенциал жогорку деңгээлде болууга тийиш-деп билдирди өлкө башчысы

-Мындан ары судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун сапаты жогорулатууга жатат. Сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейм.

2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши менин атыма Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 88 талапкер боюнча сунуштарын жиберген. Алардын ичинен 32 талапкерди кайра кайтардым. Демек, талапкерлерди тандоодо Судьяларды тандоо кеңеши коюлган талаптарды сактабай, соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасаган десек болот-деди Сооронбай Жээнбеков.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *