Жээнбеков: Орус тили Кыргызстанда расмий тил бойдон калат

  Мезгил

Орус тили Кыргыз Республикасында расмий макамында болгон жана ушул бойдон калат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи форумунда билдирди.

«Билим берүү ар кыл маданияттарга жана тилдерге урматтоого тарбиялай турганын биз баарыбыз жакшы түшүнөбүз», -деди президент.  

Ал биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү механизмдерин аныктоо зарыл экенин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун I форуму өтүүдө. Бул иш-чара 28-мартта да уланат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *