Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды

    Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда,  премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, учурдагы жыйынтыктар, өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле пенсияларды жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыларын көбөйтүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү талкууланды.

 Мындан тышкары,  Россия, Кытай, Индия, Германия тараптары менен мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоо маанилүү экендигин өзгөчө баса белгиледи.

Муну менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн алардын тизмеси түзүлүшү керектиги эске салынды.

Мындан тышкары  райондук борборлордо жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек-Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана-Худжант жана башка республиканын негизги автожолдорун куруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.

 Президент Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. «Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткарган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек», — деп баса белгиледи Президент.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеш экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган мыйзам демилгелеринин бардык пакетин колдоп бергенин билдирди.

Өкмөт башчысы ошондой эле бюджеттин корголгон беренелерин өз мөөнөтүндө каржылоо боюнча аткаруучу бийликтин органдарынын ишмердигинин актуалдуу багыттары, инфраструктуралык өнүгүүнүн долбоорлорун ишке ашыруу, агроөнөржай комплекси ж. б. жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министр Президент  көңүл бурган багыттардын бардыгын ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынаарын белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *