Жээнбеков Токаевге Кордайда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

   Мезгил

Бүгүн, 10-февралда,  Президент  Сооронбай Жээнбеков Казакстандын  президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу күн тартибинин келечек маселелерин талкуулашты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *