Жээнбеков: Тышкы карызды төлөө үчүн эч кандай жер, кен байлыктар берилген жок жана берилбейт

   Мезгил

«Биз тышкы карызды башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк. Каржы министрлиги кредиттерди кечүү, аларды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча иштеп жатат, Министрликте атайын башкармалык түзүлгөн» бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  кечээ, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик тышкы карыздын суммасы акыркы эки жылда ички дүң продуктуга карата 53 пайыздан 44 пайызга чейин төмөндөдү.

Сооронбай Жээнбеков бардык сырткы карыздар калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык долбоорлор сыяктуу тез натыйжа бере турган долбоорлорго карата абдан рационалдуу колдонулушу керектигин баса белгиледи.

Орточо эсеп менен кийинки 10 жылга тышкы карызды тейлөөгө жылына 23 млрд сомдон ашык же 335 млн доллар жумшаларын айтты. Тышкы карыздарды төлөөнүн максималдуу чеги 2025-2029-жылдар аралыгына туш келет.

«Негизи, бардык мамлекеттер карыз алып, эл аралык финансы институттары менен кызматташат. Биздин мамлекет да эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан тартып тыштан карыз алып келди. Маселе башкада. Биз ушул карызды кандай пайдалана алдык? Буга чейин алынган карызды төлөшүбүз керек. Милдеттенмелерибиз бар. Анын баарын төлөйбүз. Эч кандай жер, кен байлыктар берилген жок жана берилбейт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *