Мезгил
Токмокто жергиликтүү кеңештин депутатын өлтүрүп кетишти.
Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ түнкү саат 3төрдө 29 жаштагы эркектин сөөгү табылган.
Ал Чүй районунун саясий партияларынын биринен өз талапкерлигин жылдырган жергиликтүү депутат экени аныкталды.
Маркум бычак жараатынан каза тапкан.
Бул факты боюнча жергиликтүү жашоочу кармалды.
Алдын ала версия боюнча, көчөдө эркектер тобу мушташып, дагы бирөө бычак жарааты менен ооруканага жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.