Жети облустагы соттордун судьялары дайындалды

Мезгил

 Кечээ 25-июлда, Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыкка кол койду. 

Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку сотко бир, Жалал-Абад облустук сотуна — бир, Ош облустук сотуна — үч, Нарын облустук сотуна — эки, Талас облустук сотуна — беш жана Бишкек шаардык сотуна — эки талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизген.

Президент 19-июлда талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешип, жыйынтыгында кошумча берилген материалдарды эске алуу менен жети талапкер боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунушуна макул болгон.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 7 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

Жалал-Абад облустук сотуна Токтосун Жоробеков, Ош облустук сотуна Тарифа Масабирова, Каныбек Пирматов, Талас облустук сотуна Азамат Алдашов, Айнура Иманалиева жана Жекшеналы Курманбаев,  ал эми Бишкек шаардык сотуна Айнура Маматалиева дайындалды. Жарлыктар кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *