Жетим балдарды саткан соцкызматкердин видеосу прокуратурага жиберилди

Мезгил. 

Бишкек прокуратурасына балдар үйүнүн тарбиялануучуларын чет өлкөлүктөргө сатуу боюнча фактыны камтыган видео жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда кызматтык иликтөө да жүрүүдө. Эми прокуратура видеодогу кызматкерлерге юридикалык жана укуктук баа бериши керек.

Мындан 4 күн мурда интернет тармагына Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Зергүл Жээнбаева аттуу кызматкери Америкалык бала багуучулардын агенттигинин Галия аттуу өкүлү менен сүйлөшүп жаткандагы видеосу жарыяланган. Анда, өкүл мамкызматкерге балдарды чет өлкөлүктөргө асырап алууга жасаган кызматы үчүн акча сунуштаган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *