Жириновский 14- февраль сүйүү күнүнө карата жаштарга лекция окуйт

Мезгил

Россияда ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 14- февраль сүйүү күнүнө карата жаштарга лекция окуйт. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, чиновник бир катар пунктан турган сүйүү туурасында жаштарга лекция окуйт.

 “14-февраль жума күнү сүйүү күнү. Мен бул тууралуу өзүмдүн иш бөлмөмдө лекция окуйм. Алар төмөндөгүдөй пунктан турат: Бир көрүп сүйүү, эч качан үйлөнбөйм же турмушка чыкпайм, жек көрүүдөн сүйүүгө чейин, менин сүйлөшкөн кызым же жигитим башка бирөө менен бийлеп жатат ж.б темалар- дейт Жириновский.

Муну менен катар эле ал каалоочулар социалдык тармактардан түз көрсө да боло тургандыгын айтты.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *