ЖК сессиясынын расмий ачылышы: Гимнди угушту… кетишти…

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын жайкы эс алуудан кийинки сессиясынын расмий ачылышы болду. Парламент регламенти боюнча сессия күздүн биринчи айынын биринчи дүйшөмбүсүндө башталуусу керек эле. Бирок, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна байланыштуу, бул жылы 4-сентябрга белгиленген.

Жыйын спикер Дастанбек Жумабековдун кириш сөзү менен башталды. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.

Андан ары спикер эл өкүлдөрүнө коомдук иштерге, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна активдүү катышууга чакырды. Ошону менен эки айлык эс алуудан өздөрүнө анча келе элек депутаттар тарап кетишти.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *