“Жоголгон жокмун!” Рыскелди Момбеков эмне себептен көрүнбөй кеткенин айтты

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун акыркы убактарда  дайыны билинбей кеткен. Ал эми бул массалык маалымат каражаттарында суроо жаратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу учурунда да жыйынга катышпай калгандыгынан улам ага карата сындар айтылган.  

Ал эми депутат кайда жүргөндүгү тууралуу айтып берди.      

“Мени баары тааныш туугандарым аркылуу сураштырып жатышкандарын билем. Мен эч жака деле кетип калган жокмун. Көпчүлүгү билет болуш керек 1-4 июнга чейин Чаткал, Ала-Бука, Аксы,  Токтогул, Үч-Терек райондорун кыдырып чыктым. Андан кийин Казакстандагы шайлоого байкоо салганы   ТҮРКПАнын курамында 4 күн назар салып келдим. Андан соң эле Алмамбет Насырканович менен Жумгалда болдум. Ал эми кечээ жакында эле кайрадан Токтогулга эл менен болгон жолугушууларда жүрдүм. Бирок Жогорку Кеңештин акыркы жыйынында өзгөчө экс-президенттин кол тийбестик макамынан ажыратуу  боюнча жыйынга катышпай калганымдын, ошондой эле кечээки митинге катышпай калганымдан улам  ушундай сөздөр пайда болуп кетиптир.  Мен жоголгон жокмун эл арасында эле жүрөм. Бул жөнүндө маселе көп.  Кечээ эле эски ооруларымды дарылатып ооруканадан чыктым” деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *