Жогорку Кеңеш комитетте чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатат

   Мезгил

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында чек ара маселеси жабык эшик артында каралып жатат.

 Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Комитет жыйынынын күн тартибине ылайык, 4 маселе каралмак. 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчёт кийинки күнгө жылдырылды.  

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун тажиктер менен чек арада жайгашкан Максат айлында эки тараптуу ок атышуу болгон. Анын кесепетинен бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Алар учурда Бишкекте дарыланып жатат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *