Мезгил
Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызмат ордуна сунушталган Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.
Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, жакында мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз каалоосу менен кызматынан бошотулганын, ошондон улам вице-премьерлердин иш-милдеттери өзгөрүп жатканын, ал эми укук коргоо органдарынын ишин тескөө милдети толугу менен өкмөт башчынын өзүндө каларын билдирди.
Акрам Мадумаров 1977-жылы Баткен облусунду туулган. Жогорку билимдүү: 1999-жылы Кыргыз агрардык университетин «ветеринария» адистиги, ал эми 2013-жылы Дипломатиялык академины «эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин мамлекеттик кызматтын бир топ тепкичтерин басып өткөн. Азыркы учурда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштейт.