Жогорку Кеңеште телефон менен сүйлөшүп отурган министрдин орун басары сынга алынды

  Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев телефон менен сүйлөшүп жаткан билим берүү министрини орун басарын сындады.  

“Телефонун токтотуп койсун.   Жогорку Кеңешке болгон мамилеси ушу. Силер телефон менен сүйлөшкөнү келдиңерби? Вице-спикер беш мүнөттөн бери сүйлөп жатат-деди депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары  Надира Жусупбекова жумаштан чалып калганын айтып, экинчиси кайталанбастыгын билдирип, кечирим сурады.

Эске салсак, учурда Жогорку Кеңеште “Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *