Ак үй терезелерин алмаштыруу үчүн ЖК 11 миллион сом сарптайт

   Мезгил

Жогорку Кеңеш  11 миллион сомго терезелер алмаштырылат.   Мамлекеттик сатып алуулар порталында бул тууралуу тендер жарыяланды.

Пландалганга ылайык,   ак үйдүн 1-кабатынан 4-кабатына чейинки баардык эски терезелер жаңыртылат.

Аткаруучу компания иштерди 20-октябрга чейин аякташы керек.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш буга чейин  120 кресло сатып алуу үчүн 2 млн 682 миң сом жумшамак болгон. Бирок коомчулукта бул  сынга алынып  депутаттар кресло сатып алуудан баш тартышкан. 
 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *