Жогорку Кеӊеште жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант берди

    Мезгил

Жогорку Кеӊеште жаңыдан дайындалган вице-премьер-министрлер Асрандиев Эркин Шамшудинович, Мадумаров Акрам Камбаралиевич, өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевич ант беришти. Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, аларга зор ишеним жана чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салды. Ал министрди берген антын так аткарып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

 Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *