Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Музаффар Исаков үй камагына чыкты

Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Музаффар Исаков үй камагына чыкты.  

Жогорку Сот Музаффар Исаковдун ишин карап, аны кайрадан карап чыгууну биринчи инстанцияга, Сузак райондук сотуна 3-июлда жөнөткөн.  

Ал эми Сузак райондук соту 15-июлдагы сот отурумунда Исаковду үй камагына чыгаруу боюнча анын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Жергиликтүү укук коргоочу, Музаффар Исаковго каршы арызданган Анарбай Орозов соттун чечимине макул эместигин билдирүүдө.

 Эске салсак,  2017-жылы  Башкы прокуратура тарабынан  Жогорку Кеңештин  депутаты Музаффар Исаковго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-(коррупция) беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы М.Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болгон мезгилде жер тилкелерин берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Тактап айтканда ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын кызмат адамдары менен алдын ала бүтүмгө келип, айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жер тилкесин жеке турак-жай үчүн үй курууга уруксат берген.

Текшерүү учурунда кээбир жарандар ал жер тилкесин 1 500-3 000 миң АКШ долларына чейин ал кишиден сатып алганбыз деп түшүндүрмө беришкен деп билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы  Исаковдун жазган арызынын негизинде аны депутаттык мандаттан ажыраткан.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *