Мезгил
Коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев учурда коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабтан билдиришти.
Маалым болгондой, ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 5-майда жаткырылган.
Бейтап абалы оорлогондон кийин 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Азыр М.Чолпонбаев өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамын алып жатат. Дарыгерлер абалын оор деп баалаган.
Мукар Чолпонбаев 1993-1995-жылдары Кыргызстандын юстиция министри болуп иштеген. 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы, ал эми 2000-жылга чейин парламенттин депутаты болгон. 2017-жылы өткөн шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер болгон.