Жогорку Сот: «Элдик парламентин» өкүлүнүн жаза мөөнөтү кыскартылды

Мезгил

Жогорку сот “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камалган «Элдик парламентин» өкүлү Марат Султановдун жаза мөөнөтү жалпысынан 10 жылдан 5 жылга кыскартылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, 25-июлда Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуу боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановдун адвокаты Бакыт Осмоналиевдин көзөмөл даттануусун карап чыкты. Натыйжада ал Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун “Султанов кылмышты жашырган” деген айыбы далилсиз болгондуктан аны актап, айыптоонун калган бөлүгүн күчүндө калтырды.

Султановдун тарапкерлеринин айтымында, ага карата коюлган айыптар бүт алынып салынды, болгону “аймак аралык кастыкты козуткан” деген кинеси ошо бойдон калды.

Буга чейин  Марат Султановдун бир тууганы Руслан Султанов коомдук телеканалдан берилип, интернетке тараган телефон сүйлөшүү монтаждалган деп эсептерин,  агасы телефондо карыз алган таанышы менен акчаны кайтарып берүү тууралуу сүйлөшүп жатканын айткан

Телефондо агам “Орусиядан келээри менен 15-17-майда кайтарып берем” деп жатат. Сүйлөшкөн адам, анын жубайы, баласы сурак беришти. Бардыгы агам аларга карыз болгонун тастыктап жатышат. Даталар алар өткөрөбүз деген митингге туш болуп калган. Ошондуктан бийлик чочуп кетип, Орусиядан акчаны ушул алат экен, элге таратып берет экен деген бүтүмгө келип алышкан, – деген Руслан Султанов.

“Элдик парламент” кыймылынын төрт мүчөсү 12-майда жыйын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевди бийликтен кетүүгө ачык чакыргандан кийин камалышкан.

Ал эми 2017-жылдын август айынын башында Бишкектин 1-Май райондук соту “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылга, Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алган эле. Ал эми Тойгонбек Калматовду беш, Александр Гусевди алты жыл шарттуу эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

2017-жылдын 13-ноябрда Бишкек шаардык сотунда “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрүнүн иши карап, беш жылга шарттуу кесилген “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрү Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовду шаардык сот жаза мөөнөтү бүттү деп, сот залынан бошоткон.

«Элдик парламенттин» өкүлдөрүнүн сот иши баштан-аяк жабык эшик артында өтүп келет. Айрым активисттер сот ишинде далилдер жетишсиз болгонун айтып чыгышса, айрымдар муну саясый негизде деп мүнөздөшөт.

“Элдик парламент” деген кыймыл 2016-жылдын жаз айында түзүлгөн. Өздөрүн бийликке оппозиция катары тааныштырып, ушул эле жылдын май айында өткөн жыйынында Атамбаевдин отставкасын талап кылып чыгышкан. Көп өтпөй алдыңкы мүчөлөрү бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп камакка алынган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *